ИИМ: Өзгөчө абал киргенден бери 1 миң 155 жаранга айып салынды

Автор -

2020-жылдын 7-майга карата өзгөчө абал киргизилген аймактарда 137 жаран эреже бузду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана  Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында саат 21.00дөн эртең мененки 06.00 убакыт ичинде коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары  үчүн 137 жаран ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө жеткирилди. Бир  сутка ичинде атайын коюлуучу жайга 7 унаа киргизилди.

Алардын ичинен: Бишкек шаары– 119, Ош шаары -4, Жалал-Абад шаары-4,
Ат-Башы району-10.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында
4 696 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул
тобу менен кармалды, анын 4 167 эркектер, 529 аял киши. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен кое берилди, алардан 3 541 жаран эскертилип, 1 155 жаранга бузуулар тууралуу протокол түзүлүп айып салынды. Ошондой эле, 25-марттан баштап азыркы күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 363 автоунаа токтотуучу жайга киргизилди.

Бөлүшүү