Мектеп бүтүрүүчүлөрү 21-майга чейин паспорт алып бүтүшөт

Автор -

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө паспорт жазып берүү иши 21-майга чейин жыйынтыкталып бүтөт. Бул тууралуу 7-майда Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Анын айтымында, каттоо кызматкерлери ар бир айылга барып, документтерди даярдайт. Бул үчүн Билим берүү жана илим министрлиги түзгөн тизмелер колдонулат. Коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында балдар алдын ала чакыртылып, кезек менен кабыл алынат.

«Бул жумуштун максаты – бүтүрүүчүлөрдү паспорт менен камсыздап, Жалпы республикалык тестирлөөгө катышуусуна жол ачуу. Калкты тейлөө борборлору кайра ачылганда кезек болтурбоо максатында биздин Мамлекеттик каттоо кызматы мектептер жайгашкан жерге барып, балдарды чогултуп, паспорт алууга керектүү кагаздарды толтуруп жатат», -деп айтылат маалыматта.

Мекеме быйыл жалпысынан 4,5 миңге жакын бүтүрүүчүгө паспорт берилерин билдирди.

Бөлүшүү