Россиялык миллиардер Дмитрий Босов өз өмүрүн кыйды

Автор -
@РБК

Орусиядагы 100 байдын бири деп эсептелген Дмитрий Босов өз өмүрүнө кол салганы кабарланууда. Ишкер шаршембиге караган түнү каза болгонун РБК агенттиги жазды. Кабарды Босов менен тааныш адам ТАСС агенттигине да ырастаган.

Ал эми Тергөө комитетинин өкүлү Москванын жанындагы Усово айылында башына ок тийген адамдын сөөгү табылганын, жанында тапанчасы болгонун «Интерфакс» агенттигине билдирген.

52 жаштагы Дмитрий Босов көмүр, газ жана кыймылсыз мүлк менен иш алып барган АЛЛТЕК тобунун ири акционери жана директорлор кеңешинин башчысы болчу.

«Forbes» журналы анын байлыгы 1,1 миллиард доллар экенин, эң бай орустардын 86-сабында турарын эсептеп чыккан.