Суусамыр өрөөнүндөгү жол кырсыгынан 2 адам жаракат алды

Автор -

Бишкек — Ош жолунун 199-чакырымында болуп өткөн жол кырсыгынан 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 8-майда саат 04:30 чамасында Суусамыр өрөөнүндө катталган. Анда Volkswagen Passat жана Ssanуong Musso унаалары кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен 2 адам жеңил жаракат алышкан,  ал эми унаадагы калган жүргүнчүлөр жаракат алышкан эмес.

Жерине ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары тартылып, жабыркагандарды унаадан чыгарышып, «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү