Бул жумадан баштап Франция менен Испания карантиндик чектөөлөрдү жумшартат. Ишемби күнү расмий маалыматтар боюнча Францияда коронавирустан 80 адам каза тапкан — бул апрель айынан берки эң аз сан. Франциядагы карылар үйлөрүндө да каза тапкандар азайган.
ВВС билдиргендей, Испанияда өлкөнүн жарымы ушул дүйшөмбүдөн тарта карантинден чыгуунун биринчи фазасына өтүшөт: ондон ашпаган адамдардын чогулуусуна, көчөдө сейилдөөгө уруксат берилет. Ресторандар жеткирип берүүсү менен тамакка буюртма ала башташат, анча зарыл эмес товарларды саткан дүкөндөр ачылат.
Бирок бул жеңилдиктердин Мадрид, Барселона сыяктуу чоң шаарларга, өлкө боюнча оорулуулар көп катталган аймактарга тиешеси болбойт. Алар биринчи фазага аз дегенде бир жумадан кийин өтө алышат.
Бельгияда жекшембиден тарта төрттөн ашпаган кишини конокко чакырууга уруксат берилди.
Австралияда болсо, 10-майда полиция Мельбурндагы парламент имаратынын алдына чектөө чараларына каршы акцияга чыгышкан 10 адамды камакка алды. Анда 150гө жакын адам социалдык обочолонуу эрежелерин сактабай, митинг өткөрүшкөн. Өлкөдө карантин эрежелерин сактабаган үчүн айып -1 миң 45 АКШ долларын түзөт.
Кыргызстанда бүгүн, 11-майдан тарта өзгөчө абал режими алынып, бирок өзгөчө кырдаал режими күчүндө калды. Коменданттык саат жоюлду. Ишмердиктин айрым түрлөрүнө уруксат берилди. Анткен менен бир облустан экинчисине кирүүгө дагы деле чектөө бар. Ошондой эле жарандарга социалдык обочолонуу эрежелерин сактап, зарыл себепсиз үйдөн чыкпай туруу сунушталат.