Министрлик: Бүтүрүүчү класстар үчүн сынактын форматы өзгөртүлдү

Автор -
Сүрөт: time.kg

Коронавирус пандемиясына байланыштуу 9- жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик сынактарды тапшыруу форматы өзгөртүлдү. Мындай чечимди Билим берүү жана илим министрлиги кабыл алды.

Маалыматка караганда, атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия окуучунун текшерүү, практикалык, лабораториялык иштеринин жыйынтыктарын жана чейректик, жарым жылдык, жылдык жетишүүсүн эске алуу менен жыйынтыктоочу экзамендик бааны коюшат.

Эгерде окуучу же ата-энеси коюлган баага макул эмес болсо, апелляциялык комиссияга кайрыла алат.

Жалпы мамлекеттик аттестация 2-июндан 13-июнга чейин беш предметтен өтөт.

«Мындай чечимди министрлик, биринчи кезекте, окуучулардын коопсуздугу, саламаттыгы үчүн кабыл алды. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдө ЖРТга көбүрөөк убакыт бөлүп, жакшылап даярданууга мүмкүнчүлүк жаралды», -деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү