Панорамага бараткан жолдо унаа оодарылып кетти, жабыркагандар бар

Автор -
221

Чүй облусунда унаа оодарылып кетип, 4 киши жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 10-майда, саат 18:44тө Панорама дачасына бара жаткан жолдо болгон. Honda CRV үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду
башкара албай, унаа оодарылып кеткен.

«ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары жабыркаган 1985-жылы туулган жаранды тоодон түшүрүп «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен, ал эми калгандары жеңил жаракат алышкан», -деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү