Штаб өзгөчө кырдаалда эреже бузуулар үчүн айыппулдун өлчөмүн жарыялады

Автор -
Сүрөт: saat.kg

Бишкек шаарында 11-майдан тарта өзгөчө абал режими жоюлуп, өзгөчө кырдаал күчүндө калды.  Республикалык штаб өзгөчө кырдаал учурунда карантин жана санитардык эрежелерди бузгандыгы үчүн айыптардын өлчөмүн жарыялады.

1️⃣ Өзгөчө кырдаал шарттарында укук тартибин бузуу – 5000 сомдон 17 000 сомго чейин айып пул;

2️⃣ Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, санитардык эрежелерди, гигиеналык ченемдерди бузуу – 1000ден 27 000 сомго чейин айып пул (категорияга жараша)

3️⃣ Ыйгарым укуктуу органдын чечимин же талаптарын аткаруудан баш тартуу тартибин бузуу – 3000 ден 13 000 сомго чейин айып пул;

4️⃣ Өзгөчө кырдаалдар тартибинин талаптарын бузуу — 15 000 сомдон 60 000 сомго чейин айып пул, 2-категориядагы эркиндигин чектөө менен бир жылга чейин, коомдук иштерге 60 саатка чейин тартуу.

5️⃣ Карантин сакталбагандыгы — 30 000 сомдон 60 000 сомго чейин айып пул.