Бир сутка ичинде өлкө боюнча Бишкек шаарында 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, стационарлардан 4 медкызматкер сакайып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 235 учур катталды, алардын ичинен 180 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Өлкө ичинде 11-майга карата COVID-19 инфекциясын 1016 адам жуктурду.