Атайын эсепке түшкөн акчанын 134 миллион сому медиктерге төлөнөт

Автор -

2020-жылдын 12-майына карата Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 137 млн 288 миң 648 сом түшкөн. Анын ичинен 134 млн 144 миң сом медициналык кызматкерлерге кошумча төлөм үчүн багытталган, деп билдиришти өкмөттөн.

2020-жылдын 12-майына карата Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министирлигинин эсебине 17 млн 293 миң 262 сом түшкөн, анын ичинен 16 млн 139 миң 996 сом жумшалган.

Эсептердин абалы жана келип түшкөн финансы каражаттарын жумшоо тууралуу кеңири маалыматтар менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот: https://help.covid.kg/covid_help/view/main.xhtml