Бишкек: иштеп баштаган жарандарда маалымкат же QR-код болушу керек

Автор -
Ишмердүүлүгүнө уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүктүн тизмесине кирген уюмдардын жана жеке ишкерлердин кызматкерлери ӨК режиминде Бишкек шаарында уруксаттын эки түрү боюнча жүрө алат. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.
Алар төмөнкүлөр:
1. Уюм же жеке ишкердик катталган борбор калаанын тийиштүү району боюнча Салык кызматынын башкармалыгынын мөөрү коюлган иш ордунан маалым каты.
(иш ордунан маалым катка тийиштүү мөөрдү койдуруу үчүн уюм же жеке ишкердик катталган жери боюнча борбор калаанын тиешелүү районундагы МСКБга билдирме жөнөтүлөт)

2. Борбордун тийиштүү району боюнча МСКБ электрондук билдирмени жактыргандан кийин www.312.meria.kg электрондук системасы аркылуу берилген басылып чыгарылган QR-код.

Жеке ишкердиктерде аты-жөнү көрсөтүлгөн патент менен иштеген жалданма кызматкерлерине шаар ичинде жүрүүгө уруксат алуунун кажети жок.
www.312.meria.kg электрондук системасы аркылуу жылып жүрүүгө уруксат алууга билдирменин формасы бул сайтта жеткиликтүү.

 

Бөлүшүү