Депутат Жумалиев Сыймык Жапыкеевди сотко берди

Автор -

Депутат Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Сыймык Жапыкеевдин үстүнөн Бишкектин Ленин райондук сотуна арызданды. Бул туурасында Жумалиевдин жактоочусу Бактыбек Жумашев билдирди, деп жазат Kaktus.media.

Жактоочунун айтымында, 2020-жылдын май айынын башында Facebook социалдык тармагында Сыймык Жапыкеев негизсиз билдирүү калтырган. Ал ЖК депутаты Кубанычбек Жумалиевдин 2,5 млрд доллары, менчигинде фабрика, клиника, жүздөн ашуун батири, хан сарайлары бар экенин жана мунун баары адал эмес жол аркылуу табылганын маалымдаган. Жумалиев өзүнүн кадыр-баркын коргоо максатында сотко кайрылып, Жапыкеевден 10 миллион сом өндүрүп берүүнү суранды.

«Бүгүн мен, Жумалиевдин жактоочусу катары, Жапыкеевдин үстүнөн сотко арыз бердим. Моралдык чыгым 10 миллион сомго бааланды. Соттон утуп чыксак, акча кайрымдуулук иштерге жумшалат», — деп билдирген редакцияга Жумашев.

ИИМден болсо, жарандык активист Сыймык Жапыкеевге карата сотко чейинки өндүрүш иши башталганын маалымдашты. Анын алкагында, Сыймык Жапыкеевдин социалдык түйүндөрдөгү маалыматтары, видео кайрылуулары иликтенип, лингвистикалык экспертиза дайындалды.

Эскерте кетсек, «Чоң Казат» кыймылынын активисти Сыймык Жапыкеев социалдык тармактар аркылуу депутат Жумалиевди мамлекеттик кызматтарда турганда мыйзамсыз жолдор менен байыган деп айыптап келет.