Коронавируска чалдыккан жаңы 21 учур катталды, үчөө — сырттан келгендер

Автор -
219

2020-жылдын 12-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 21 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алар төмөнкү аймактардан чыкты:
Бишкек ш. – 10
Чүй облусу — 1
Жалал-Абад облусу — 3
Нарын облусу — 7

«Жаңы аныкталган учурлардын үчөө чет жактан келгендерден табылды. Бир жаран Дубайдан, экөө Россиядан келген», -деди Үсөнбаев.

Өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 12-майга карата 1037 адамга жетти. Айыгып чыккандар — 709. Каза тапкандар -12.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү