Өлкөгө чет жактан миң кыргызстандык алынып келинет

Автор -

КР ТИМ ушул жылдын май айында чет өлкөлөрдөн 1 миң кыргызстандыкты алып келүүнү пландап жатат. Бул тууралуу аталган мекеме башчысы Чынгыз Айдарбеков бүгүнкү брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал киргизилген учурдан тарта Кыргызстанга чет жактардан 9 196 кыргыз жараны кайтып келди. Дагы 8 миң 712 кыргыз жараны мекенине кайтуучу күндү күтүп жатышат. Алар баш-аягы дүйнөнүн 58 өлкөсүндө жашап, иштеп жатышкан.

Мекенине кайта турган миң жаран төмөнкү өлкөлөрдөн: 

Катар – 36;
Кувейт – 105;
Иран – 16;
Франкфурт-на-Майне – 58;
Стамбул – 349;
Москва – 402;
Корея – 35;
Япония – 30;
Беларусь – 37.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 7-майында Россиянын Соль-Илецк шаарынан 541 кыргыз жараны алынып келинген. Кийин алардын элүү бешинен коронавирус аныкталган.