Мектептерге тамакка бөлүнгөн ун шарты оор окуучуларга таратылат

Автор -
296

Пилоттук мектептердеги 116 тонна ун шарты оор окуучулардын үй-бүлөлөрүнө таратылып берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Коронавируска байланыштуу өкмөттүн аярлуу топтогу үй-бүлөлөрдү колдоо приоритетине ылайык, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Билим берүү жана илим министрлиги аталган уюм тарабынан пилоттук мектептердеги тамактанууга ажыратылган унду аярлуу катмардагы үй-бүлөлөргө бөлүп берүүнү чечишти.

«Май айында мектепте окуган балдары бар аз камсыз болгон 3 миңге жакын үй-бүлөгө 116 тонна байытылган ун таратылат. Жардам алчу үй-бүлөлөрдүн тизмеси Билим берүү жана илим министрлиги, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, жергиликтүү бийлик менен биргеликте өткөрүлгөн баалоо менен аныкталды», -деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандагы мектептердин 65 пайызында тиешелүү шарттар түзүлүп, БУУнун азык-түлүк программасы жана Россия өкмөтү тарабынан башталгыч класстардын окуучуларына ысык тамак уюштурулган.

Белгилей кетсек, жаңы окуу жылында Билим берүү жана илим министрлиги БУУнун азык-түлүк программасы менен биргеликте дагы 80 мектепке ысык тамак уюштурат.