Россия коронавирус жугузгандардын саны боюнча экинчи орунду ээледи

Автор -

Россияда сутка ичинде Covid-19 илдетин жуктурган 10 899 жаңы учур катталды. Кечээ 11 656 адам жуктурганы белгилүү болгон. Эми Россия оору жугузгандардын саны боюнча АКШдан кийинки экинчи орунду ээледи. Акыркы суткада коронавируска чалдыккан 107 бейтап каза тапкан, деп билдирет Би-би-си.

Ыкчам штабдын маалыматы боюнча, акыркы катталган 10 899 учурдун 5 392 учуру Москва шаарынан чыккан.

Ошону менен Россияда коронавирус жуктургандардын саны 232 миң 243 адамга жетти. Бул көрсөткүч менен өлкө Испанияны артка калтырып, экинчи орунду ээледи. Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, Испанияда оору жугузгандардын саны — 227,4 миң, ал эми АКШда — 1 млн. 347,9 миң.

Президент Владимир Путин 11-майда Россияда жалпы иш эмес күндөрдүн мөөнөтү мындан ары узарбай турганын айткан жана карантин чараларын жумшартууга байланыштуу ар бир аймактын бийлиги өз алдынча чечим кабыл аларын билдирген.