Баткенде түндө жол кырсыгынан 5 киши жаракат алды

Автор -
337

Баткен шаарында түндө жол кырсыгы катталып, 5 киши жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 13-майда саат 00:57 чамасында Садыков көчөсүндө болгон. Анда «Портер»  жана «Ниссан» үлгүсүндөгү эки унаа кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен 5 эркек адам ар кандай жаракат алышкан. ӨКМдин куткаруучулары жабыркагандарды унаадан чыгарышып, «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкен.

Бөлүшүү