Британияда бүгүнтөн тарта айрым чектөөлөр алынды

Автор -

Британияда бүгүнтөн тарта ачык абада сейилдөөгө жана спорт менен машыгууга уруксат берилди. Бул коронавируска байланышкан чектөөлөрдү жумшартуунун биринчи этабынын алкагында ишке ашууда.

Аралыкты сактоо шарты менен чогуу жашабаган бир адамга жолугууга уруксат.  Ошондой эле бир үй-бүлө мүчөлөрүнө унаа менен паркка, же деңизге барууга болот.

Бул эрежелерди бузгандар 3200 фунт айып төлөшөт.

Жонс Хопкинс уинверситетинин маалыматы боюнча Британияда 227,7 миң адам коронавирус жуктурган.