Ош шаарына себепсиз кирүүнү каалаган жарандар көп болууда. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев билдирди.
«Себепсиз шаарга кирүүнү каалаган жарандар Ош шаарында иштеп жаткан 8 посттун ишине тоскоолдук жаратууда. Алар укук коргоо органдарына жана өздөрүнө ыңгайсыздык жаратып жатышат. Ошондуктан Ош шаарында ӨК жана карантин тартиби күчүндө экенин эске алып, аймактардан жана облустардан негизсиз келгенди токтото турууңуздарды суранам», — деди мэр.
Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө Ош шаары боюнча 1 миң 75 ишкер патент алып, ишин жандантты. Алардын ичинен, такси кызматына – 912, чач-тарач кызматына – 14, соода-сатык кызматына 119 патент берилген.
Эске сала кетсек, 13-майга карата Ош облусунда коронавируска чалдыккан 294 адам катталса, алардын эң көбү — Ноокат району (116 адам) менен Ош шаарында (113 адам).