Путиндин басма сөз катчысы жубайы экөө коронавирус жуктуруп алды

Автор -

Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков коронавирус жуктуруп алганын жана учурда дарыланып жатканын тастыктады.

Анын ТАСС агенттигине билдиргенине караганда, өлкө башчысы Владимир Путин менен жолуга элегине бир айдан ашкан.

Песковдун жубайы, фигуристка Татьяна Навка Daily Storm сайтына жолдошу да, өзү да COVID-19 жуктуруп алганын айткан. Спортсменка Песков экөө ооруканада, дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин кошумчалады.

«Бул — чындык. Биз дарыгерлердин көзөмөлүндөбүз. Бардыгы жакшы. Мен дээрлик эки күндө өзүмө келип калдым, дене табым да түштү. Аялзаты жеңил көтөрөт деген чын окшойт. Дмитрий Сергеевич дагы көзөмөлдө, анда да баары жакшы. Дарыланып жатабыз», -деген ал.
«Биз үй-бүлө мүчөлөрүнө жуктуруп албайлы деп, ооруканага жатууну чечтик. Баарыбыз тең үйдөн чыкпай, изоляцияны сактап жатканбыз. Жолдошум иштеп жаткан. Мындан улам, бизге андан жукту окшойт, ал биринчи ооруп калды. Жумушунан жуктуруп келди», — деп кошумчалаган Навка.