Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча агенттиги Кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаровду коронавирус шартында артыкчылык иретинде тез арада эркиндикке чыгарууга чакырды, деп жазат «Азаттык».
БУУнун Адам укуктары боюнча башкы комиссары Мишел Бачелеттин өлкө бийлигине жолдогон кайрылуусунда «Кыргыз бийлиги акыйкат соттук териштирүүнүн эл аралык стандарттарын сактоого бир нече жолу милдеттенме алган жана муну Азимжан Аскаровдун мисалында көрсөтсө болот» деп билдирди.
Башкы комиссар «акыр-аягы акыйкаттыкты калыбына келтирип, аны түрмөдөн бошотууга» үндөдү.
Эгер соттук териштирүү кайрадан өткөрүлө турган болсо, анда ал жараян адилеттүүлүк жана жазыксыздык жоромолу принциптерине гана негизделиши керектигин белгиледи.
БУУ агенттигинин бул кайрылуусу 13-майда Аскаровго карата сот өкүмү Жогорку сотто күчүндө калтырылгандан кийин жарыяланды. Анда укук коргоочу абактан коронавирус коркунучуна байланыштуу чыгарылышы керектиги, себеби анын ден соолугу начар экендиги айтылды.
Кайрылууда «COVID-19 пандемиясы бардык өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга да көйгөй жаратууда жана өкмөт элди коргоо чараларын көрүп жатат. Бирок Аскаров 68 жашта экенин, анын ден соолугу көптөн бери начар болуп жатканын эске алганда ал абактан бошотула тургандардын биринчи катарында болушу зарыл» деп жазылган.
Жалалабаддык укук коргоочу Аскаров 2010-жылдагы Июнь окуясы үчүн айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Бардык соттук инстанциялар жана Жогорку сот 13-майда бул өкүмдү күчүндө калтырды. Ага жапырт башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деген айып тагылган.
2010-жылдын 13-июнунда Базар-Коргондун Бишкек-Ош каттамынын 550-чакырымында мыйзамсыз жол тосулуп, ал жерде топтолгон эл куралсыз милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, он чактысы жеңил, ал эми милиционер Мыктыбек Сулайманов оор жараат алып, жаалданган адамдар кылмышын жаап-жашыруу максатында анын сөөгүн өрттөп жибергени айтылган.
2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча мекемеси Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жардам жана адилет сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын белгилеген.