ӨКМ тоолуу райондордо сел жүрүү коркунучу жаралганын эскертет

Автор -

2020-жылдын 14-майынан 17-майына чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

14-майда күндүз жана 15-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын, 15-майда Ысык-Көл облусунун, 16-майда күндүз жана 17-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда  жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде мөндүр жаашынын ыктымалы бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2020-жылдын 14-майынан 17-майына чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.