Кувейт жана Катардан 107 кыргыз жараны алынып келинди (сүрөттөр)

Автор -

Бүгүн, 14-майда, Кувейт жана Катардан 107 кыргыз жараны Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Аларды «Jazeera Airways» авиакомпаниясы «Эль-Кувейт – Доха — Бишкек» каттамы менен алып келген.

«Биздин жарандар менен бирге Казакстандын 31 жараны да келди. Аларды казак тарап аэропорттон тосуп алып, атайын транспорт менен мекенине алып кетти. Эми келген жарандардын баары медициналык көзөмөлдөн өтүү үчүн обсервацияга жаткырылат», -деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 12-майда Тышкы иштер министрлиги ушул ай ичинде Кыргызстанга чет өлкөдөн миң кыргыз жаранын алып келүү пландалып жатканын билдирген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү