Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев коронавируска чалдыкканы айтылды. Абалы оор

Автор -
217

Коомдук ишмер, Жогорку Кеӊештин экс-төрагасы Мукар Чолпонбаев коронавирус илдетине кабылып, ооруканада дарыланып жатат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 2020-жылдын 5-майында COVID-19 коронавирус инфекциясы диагнозу менен жаткырылган. Дарылоо оор өтүүдө.

«Ден соолугунун абалы начарлашына байланыштуу, 12-майда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жандандыруу жана интенсивдүү терапия бөлүмүнө которулган. Бүгүнкү күндө бейтап өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратында жатат, абалы оор деп бааланууда», -деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү