Түркиядан 330 кыргызстандык алынып келди

Автор -

Бүгүн, 15-майда, Түркиядан 330 кыргызстандык алынып келинди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Стамбулдан чартердик авиакаттам менен алынып келгендердин көбү Түркиядан дарылануудан кайткандар, балалуулар жана улгайган адамдар.

Саламаттык сактоо министрлиги чет жактан кайткандардын баарын медициналык байкоого алыш үчүн обсервацияга жаткырууда.

12-майда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков май айынын аягына чейин Кыргызстанга миң жаран алынып келерин айткан.

Бөлүшүү