Японияда коронавирусту канчалык бат жуктуруп алса боло турганын көрсөтүштү

Автор -

NHK япон телеканалынын корреспонденттери адистер менен бирге коомдук жайларда коронавирус канчалык ылдам жайыла турганын көрсөтүүчү эксперимент жүргүзүштү.

Экспериментке 10 адам катышкан. Анын жүрүшүндө катышуучулардын биринен «илдет жуктурган» адамдын ролунда колуна атайын флуоресцент боегун сүртүп алып, 30 мүнөт ресторандын ичинде болуп туруусун жана улам-улам алаканы менен оозун жаап, жөтөлүп жаткандай түр көрсөтүүсүн суранышкан.

Боектун бөлүкчөлөрү 30 мүнөттүн ичинде ресторандын туш-тарабына тарап кеткен. Эксперименттин жыйынтыгы менен бардык катышуучулардын колунан «вирус» аныкталды, үчөөнүн бетинен да көрүндү.

Өзгөчө тамак салынган идиштерди жапкан капкактарда, катышуучулар өздөрүнүн тарелкаларына тамак жасалып алуу үчүн колдонушкан атайын кыпчуурлардын сабында, ошондой эле суусундуктар куюлган идиштердин кармагычтарында боек көп байкалган.

Экспериментти уюштургандар ресторан кызматкерлерине катышуучулар тамак салып алуу үчүн колдонуп жаткан шаймандарды бат-баттан алмаштырып турууну, ал эми катышуучулардан колдорун тез-тезден дезинфекциялап турууну  суранышкан. Мунун жыйынтыгында алардын алакандарындагы боек болгон жерлер 30 ирет азайып, ал эми беттеги боектор таптакыр калган эмес.

Видеосу — бул жакта.

Бөлүшүү