АКШ Орусияга 200 жасалма дем алдыруучу аппарат жөнөтөт

Автор -

Кошмо Штаттар Орусияга 200 жасалма дем алдыруучу (ИВЛ) аппарат берет. Калифорниядагы алгачкы жасалган аппараттар шейшембиде Москвага жиберүүгө даяр болоорун өкмөттүк документтерге таянып «Америка добушу» кабарлады. Андан сырткары 26-майда Орусияга дагы 150 аппарат жөнөтүлөт.

Жасалма дем алдыруучу аппараттарды сатып алуу, жеткирүү акысы сыяктуу бардык чыгымын АКШ өкмөтү төлөйт. Администрация өкүлүнүн айтымында, бул чыгымдар 4,7 млн. долларды түздү.

Учурда АКШ менен Орусиянын ортосунда коммерциялык каттамдар жок болгондуктан, жүк аскердик авиация менен жеткирилет. Администрация бул аппараттар Орусия эли үчүн экенин, мындай чечим орусиялык армия менен кандайдыр бир өнөктөштүк белгиси эмес экенин билдирди.