Бүгүн, 18-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын катары 78 адамга көбөйдү. Ал учурлардын элүү бири чет өлкөдөн келген жарандарыбыздан табылган.
78 тастыкталган учурдун ичинен:
- 43 учур Соль-Илецктен келгендерден;
 - 4 учур чоң жүк ташуучу унаалардын айдоочулары;
 - 1 учур чет өлкөдө окууда жүргөн жаран;
 - 3 учур курсанттардан;
 - 27си байланышта болгондордон аныкталган.
 
Саламаттык сактоо министрлиги мекенине кайткан жарандар обсервация шарттарына баш ийбей, гигиенаны сактабай жатканын, бул оорунун көбөйүшүнө алып келип жатканын билдирди.






























