Соль-Илецктен келген жарандар кайра текшерилет

Автор -

Республикалык штаб Соль-Илецктен алынып келгендерди кайра текшерет. Бул туурасында бүгүн, 18-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Соль-Илецктен келип жаткандарды ташуу учурунда вирустун жайылышынын тобокелдиги жогору болгондугуна байланыштуу Республикалык штаб тарабынан кошумча ПЧР-изилдөөлөрдү өткөрүү чечими кабыл алынды. Бул үй карантиндеги байланышта болгондор илдетти массалык түрдө жугузуп албоосу үчүн туура чечим болду», — деди саламаттыкты сактоо министринин орун басары.

Ошондой эле ал мекенине кайтып келген жарандар обсервациянын эрежелерине баш ийбей, өздүк гигиенаны сактабай жатышканын кошумчалады.

«Биздин жарандан ар кандай мамлекеттерде, ар кандай шарттарда тургандыгы белгилүү. Ошондой эле, мекенине кайтып келген жарандар обсервациянын эрежелерине баш ийбей, өздүк гигиенаны сактабай жатышат. Мындан улам, оорулардын саны көбөйүүдө», — деди ал.

Белгилей кетсек, 7-майда Орусиянын Соль-Илецк шаарынан жалпы 541 кыргыз жараны автобус менен алынып келинип, обсервацияга алынган. Кийин алардын элүү сегизинен коронавирус аныкталган.

Бүгүн өлкө боюнча жалпы 78 адамдан коронавирус аныкталса, алардын кырк үч учуру Соль-Илецктен алынып келгендерден чыккан.