Сутка ичинде 4 медкызматкер коронавирус жуктурган

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкер арасында коронавирус жуктуруп алгандар 4 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, стационарлардан 8 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча 18-майга карата COVID-19 диагнозу менен  1 216 адам катталды (255 медкызматкер), алардын ичинен 827 адам (212 медкызматкер) стационарлардан айыгып чыккан. Каза тапкандар — 14 (бирөө дарыгер).