Бишкекте терминалдан акча уурдоого аракет кылган жаран кармалды

Автор -

Бишкек шаардык милиция кызматкерлери терминалдан акча уурдоого аракет кылган шектүүнү кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-май күнү саат 06:30 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө Орозбеков көчөсүндө жайгашкан терминалды белгисиз адамдар ачууга аракет кылганы боюнча маалымат түшкөн. Э.А. аттуу жаран терминалдан акчаны жашыруун уурдоого аракет кылган белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

«Биринчи Май РИИБинин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге дароо келишкен. Шектүүлөр терминалдын 3 миң 500 сомдук дискин сындырып, капкагы бузулган. Натыйжада жалпы суммасы 10 миң 500 сомдук материалдык зыян келтирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Шектүү катары 1996-жылы туулган М.Я. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.Териштирүү иштеринде шектүүнүн жанынан балка табылган. Ал аны менен терминалды ачууга аракет кылган», -деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүүнүн борбордогу ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жогу териштирилүүдө.