Германия Кыргызстанга шайлоого карата 500 миң евро берет

Автор -

БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) менен Германия элчилигинин ортосунда кол коюлган келишимге ылайык, немис өкмөтү 500 000 евро бөлүп берет, деп жазды «Азаттык».

Макулдашууга БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен жана Германиянын элчиси Моника Айверсен Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын катышуусунда кол коюшту. Бул тууралуу БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Каражат БУУ тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргызстандагы шайлоону колдоо» программасынын алкагында берилмекчи.

Программа аялуу топтор, аялдар, жаштар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, этникалык азчылыктар жана мигранттардын добуш берүү укугун колдоого багытталган.

2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт.

Бөлүшүү