2020-жылдын 1-июнунан тартып санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди катуу сактоо менен экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдөгү иштин бардык түрлөрүн жандандыруунун максатка ылайыктуулугу байкалууда.
Ошол эле учурда, экономикалык иш-аракеттердин төмөнкү түрлөрү боюнча айрым чектөөлөрдү калтыруу сунушталууда:
- маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү иш-чараларын өткөрүү;
- көңүл ачуучу жайлардын ишмердүүлүгү;
- балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын ишмердүүлүгү;
- интернет-клубдардын, ошондой эле компьютердик оюн жайларынын ишмердүүлүгү;
- мектепке чейинки билим берүү жаатындагы уюмдардын ишмердүүлүгү.