Казакстанда сутка ичинде 311 кишиден коронавирус табылды

Автор -
228

Акыркы сутка ичинде Казакстанда коронавирус жуктурган 311 киши аныкталды. Бул туурасында 19-майда коронавирус менен күрөшүү ыкчам штабы билдирди.

Эң көп учур Атырау облусуна туура келет — 142 киши, Нур-Султан шаарында — 36, Шымкент — 31, Алматы – 24, Костанай облусу – 19, Туркестан облусу – 18, Караганда облусу – 13, Акмола облусу  – 8, Батыш-Казакстан облусу – 6, Кызыл-Ордо облусу – 4, Жамбыл менен Алматы облустарында — үчтөн адам, Павлодар — 2, Түндүк -Казакстан облусу  – 1, Мангистау облусу  – 1.

Бардыгы учурда өлкөдө 6 751 учур катталган, алардын 35и каза тапкан.

Бөлүшүү