Талас Соль-Илецктен келген 51 адамды обсервацияга алды

Автор -

Россиянын Соль-Илецк шаарынан келгендерден 51 адам 18-майда Талас облусуна келери менен Талды-Булак постунан обсервацияга алынды. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

Саламаттык сактоо министрлиги алардын ар биринен буга чейин 2 жолу ПЧР-анализ алынып, «таза» деген жыйынтык чыкканын билдирген. Бирок коопсуздук үчүн келген 51 адам Кара-Буура жана Бакай-Ата райондорунда уюштурулган обсервацияларга жайгаштырылды. Алардан кошумча ПЧР-анализдер алынып, дагы 5 күн обсервацияда болушат.

«Ал эми социалдык түйүндөрдөгү «бийлик өкүлдөрү обсервацияга алынгандарды уруп-сабады» деген маалымат чындыкка дал келбейт. Тескерисинче, сырттан келген адамдар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө баш ийбей,  бир топ кыйынчылыктарды жараткан. Түшүндүрүү иштеринен кийин 51 адам жергиликтүү бийликтин талаптарына макул болду», -деп айтылат маалыматта.