Жол салган кытайлык компаниянын 500 жумушчусу Кыргызстанга келе албай жатат

Автор -
327

Өлкөнүн түндүк-түштүгүн бириктирген альтернативдүү жолду куруп жаткан кытайлык China Road компаниясынын 500 жумушчусу Кыргызстанга келе албай жатат. Бул тууралуу транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов 20-майдагы парламент жыйынында маалымдады, деп жазат «Азаттык».

Министрдин айтымында, ал жумушчулар тоннель жана көпүрөлөрдөгү курулуштарда иштемек. Кытайлык жумушчулар жылдын башында өз өлкөсүнө кетишкен.

Кыргыз-кытай чек арасы жыл башынан бери жабык турат, кийин учак каттамдары дагы токтотулган. Ош аймагындагы чек ара бекетинен жүк ташуучу гана автоунааларга уруксат берилген.

Өлкөнүн түндүк-түштүгүн бириктирген альтернативдүү жолун 2023-жылы пайдаланууга берүү пландалып жатканы кабарланган. Дээрлик 500 млн. долларды чапчыган Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Анын 1-2-фазасын куруш үчүн Кытайдан 400 млн. доллар алуу боюнча 2014-жылы келишим түзүлгөн. 3-фазасын куруш үчүн Азия өнүктүрүү банкынан жана Сауд Арабиясынын Өнүктүрүү фондунан 32 млн. доллар алуу боюнча келишим түзүлгөн.

Бөлүшүү