Бир жүргүнчүсү бар учак. Россия тажик жаранына балдарына келүүгө уруксат берди

Автор -
425

19-майда «Тажик Эйр» авиакомпаниясынын учагы Дүйшөмбү шаарынан Москваны көздөй бортундагы бир жүргүнчүсү менен учуп чыкты. Ал жүргүнчү Тажикстандын А.Жоми районунда туулган Дилшод Нурматов болду, деп жазышат чет элдик басылмалар.

Маалыматка караганда, Россия Дилшодго төрт баласынын жанына келүүсүнө уруксат берген.

Дилшод Нурматов буга чейин Москва шаарында таксист болуп иштеген. Март айында балдары менен жубайын Россияда калтырып, өзү ата-энесине учурашып келүү үчүн мекенине кетип, карантинден улам келе албай калган.

Анын жубайы Гулшан апрелдин аягында эркек бала төрөгөн, бирок бөйрөк оорусунан улам 5-майда каза тапкан.

Тажикстан элчилиги орус бийлигинен Дилшод Нурматовдун балдарынын жанына келип, аларга кам көрүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүнү суранган.