Екатеринбург шаарынан 22 жаран кайтарылды

Автор -

Бүгүн, 22-майда «Урал Авиалиниялары» авиакомпаниясынын Екатеринбург-Бишкек-Екатеринбург каттамы боюнча чартердик рейс учуп келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул рейс Кыргызстандан Россиянын жарандарын алып чыгып кетүү үчүн Россия тараптан уюштурулган. Жетишилген макулдашууга ылайык, аталган рейс менен Екатеринбург, Тюмень, Челябинск, Сургут, Санкт-Петербург жана Ханты-Мансийсктен 22 кыргыз жараны келди.  Алар оор илдеттерине, башынан өткөргөн татаал операцияларына жана чоӊ мөөнөттөгү кош бойлуу болгондугуна байланыштуу Кыргызстанга ыкчам түрдө кайтарылууга муктаж болгон.

Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат.