Күйүүчү май сактаган кампадан чыккан өрттө жабыркагандар болгон жок. Сүрөттөр

Автор -

Бишкектеги Садырбаев көчөсүндө жайгашкан күйүүчү май сактоочу ангардан чыккан өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жалын саат 11:24тө чектөөгө алынган. Өртттүн кесепетинен ангар, 2 кабаттуу турак-жайдын чатыры күйгөн, аянты болжол менен 640 м2 түзөт.

«Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракеттеринин натыйжасында, өрт жакын жайгашкан кафе, башка турак жайларга өткөн жок. Жабыр тарткандар жана каза болгондор жок», -дп айтылат маалыматта.

Буга чейин ӨКМ Масалиев көчөсүндө кафе өрттөнүп жатканын билдирген. Кийин ал кафе эмес, күйүүчү май сактаган кампа экени маалым болгон.

Бөлүшүү