Ош облусунун жараны 1 кг героин менен кармалды

Автор -

Ош облусунун жараны бир килограммдан ашык героин менен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, министрликтин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы  күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча кызматкерлери
ири көлөмдө героин баңгизатын сатуу жолун аныктоого жана ага  бөгөт коюуга багытталган операцияны ийгиликтүү жүргүзүштү.

Аталган факты Жазык кодексинин 267-беренесинде (Баңгизаттарды, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды жана алардын  аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) көрсөтүлгөн кылмыш  белгилери боюнча КЖБРге катталган.

«Жүргүзүлгөн иш-чаралардын  натыйжасында баңгизат менен алектенген топтун активдүү мүчөсү кармалды. Андан мыйзамсыз жүгүртүлгөн салмагы 1 килограмм 047 граммды түзгөн  героин алынган. Кармалган жаран УКЖга киргизилип, аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдардын өздүгүн тактоо боюнча ыкчам-тергөө  иш-чаралары жүрүүдө», -деп айтылат маалыматта.