ТИМ: Бузулук районунан 448 кыргыз жараны алынып келатат

Автор -

Оренбург облусунун Бузулук районунда турган 448 кыргыз жараны алынып келатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Учурда орус-казак чек арасын кесип өткөн мекендештерди Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинин кызматкерлери кыргыз өкмөтү бөлүп берген 9 автобуска отургузуп жатышат. Алар казак жол полициясынын коштоосунда бирдиктүү колонна болуп, кыргыз-казак чек арасына чейин келишет.

Кыргыз жарандары үчүн Казакстан аймагынан транзиттик коридор ачып берүү эки өлкө президенттеринин ортосундагы келишимдердин негизинде жетишилгенин эскерткен ТИМ, Россиядагы башка кыргыз жарандарын Оренбург облусуна баруудан карманууга чакырат.

«Россия-Казакстан чек арасы дагы деле жабык», -дешет министрликтен.