Бишкекте сейил бактар ачылат

Автор -

Бишкектеги сейил бактар жана бульварлар ачылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

«Урматтуу жарандар, бизде жакшы жаңылык бар! Шаардагы сейил бактар, бульварларды ачабыз. Шаардык сейил бактар муниципалдык ишканасынын жетекчиси Калича Умуралиевага жарандардын коопсуздугу үчүн санитардык нормалар менен эрежелердин сакталышын камсыз кылуу тапшырылды.

Урматтуу жарандар, сизди этият болууга, аралыкты сактоого чакырабыз! Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз», — деп жазылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү