Ош-Бишкек унаа жолундагы кырсыктан 4 адам каза тапты

Автор -

Ош–Бишкек унаа жолунун 355-чакырымында болгон унаа кырсыктан 4 адам мерт болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 25-майга караган түнү саат 01:00 чамасында болгон. Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылынын тургуну Т.Б. «Хонда Одиссей» унаасы менен Бишкекти көздөй бара жатканда унаасын чукул бурулуштан башкара албай, жол четинде 150-200 метр тик ылдыйга түшүп кеткен.

Натыйжада унаада келе жаткан эки эркек, бир аял жана айдоочу окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми калган 20 жаштагы Т.А., 18 жаштагы Р.Р.,22 жаштагы К.А. денесинен ар кандай жарааттарды алып, Кара-Көл шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бөлүшүү