Жириновский мигранттардын Россияга кирүүсүн чектөөнү сунуштады

Автор -
240

Россиялык депутат Владимир Жириновский пандемиядан кийин мигранттардын Россияга кирүүсүн чектөөнү сунуштады.

«Бизден көп эмгек мигранттары чыгып кетти. Алардын кайра келүүсүнө чектөө коюу керек», – деген Жириновский.

Саясатчынын пикиринде, пандемиядан кийин көпчүлүк орус жарандары жумушсуз калат. Мындан улам ал жумуш орундары Россиянын өзүнүн жарандарына керек болуп калышы мүмкүндүгүн билдирет депутат.

РЛДП лидери Орто Азияга жардам берүүнүн башка жолун сунуштаган.

«Аларда сатып ала турган нерселер бар, алар өз жеринде иштеп, мөмө-жемиш өндүрүшсүн, биз алардан акчасын алдын ала төлөө менен сатып алып турабыз», – деп белгилеген ал.

Бул аралыкта Россиянын Ички иштер министрлиги мигранттардын эмгек патенттеринин жарамдуулугун автоматтык түрдө 93 күнгө узарта турганын жар салды. Ошондой эле мекеме пандемиядан улам чет элдиктерди өз мекенине сүрүп чыгарбай турганын билдирди.