Кыргызстанда доллардын курсу дагы түштү

Автор -
367

Кыргызстанда доллардын расмий курсу эки айга чукул убакыттын ичинде 10 сомдон ашык төмөндөдү. Улуттук банк 26-майга карата доллардын курсун 73 сом 64 тыйын деп аныктады.

Ал эми жеке менчик банктарда бир доллар 73 сом 80 тыйындан башталып, 74 сомго чейин бааланууда.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде кармалып келген АКШ доллары быйыл 10-мартта үч сомго кымбаттап, 3-апрелде расмий курсу дээрлик 85 сомго жеткен. Мындай көрүнүш бир апта уланып, доллар кайра арзандай баштаган.

19-мартта Улуттук банк 3,7 миллион долларды сатыкка чыгарган. Доллар кымбатташына байланыштуу азык-түлүк жана башка товарлардын баасы көтөрүлгөн.

Бөлүшүү