2020-жылдын 26-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 35 учуру катталды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде cаламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Бишкек ш. – 16 (төртөө Россиядан келген аскер кызматкерлеринен
Чүй облусу — 7 (үчөө Соль-Илецктен келгендерден)
Ош облусу — 4
Нарын облусу — 8
Республика боюнча вирус жуктуруп алган 1 468 адам катталды. Алардын 1 015 айыгып чыкты.