Сутка ичинде 4 медкызматкерден коронавирус табылды

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

• Бишкек ш. – 3
• Ош шаарында – 1

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 330 учур катталды, алардын ичинен 247 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Оору жуктургандардын жалпы саны — 1 662.
Айыгып чыккандар — 1088.
Каза тапкандар — 16.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү