Таиланд 1-июлдан баштап эл аралык аба каттамдарын ачат

Автор -
229

Таиланд өкмөтү 1-июлдан тарта коронавирус инфекциясына байланыштуу киргизилген бардык чектөө чараларын алып салып, эл аралык аба каттамдарын ачууну көздөөдө. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

«1-июлдан баштап коронавирус пандемиясынан улам ишкердикке жана иш-аракеттерге коюлган бардык чектөөлөр алынат. Өзгөчө кырдаал жана коменданттык саат алынып, провинцияларга жана чет өлкөлөргө чыгууга уруксат берилет», — деп жазылат маалыматта.

Муну менен Таиланд толугу менен ачылат. Бирок айрым коопсуздук чаралары колдонула берет. Мисалы: медициналык бет кап тагынып, социалдык аралыкты сактоо.

29-майга карата Таиландда жалпы 3 миң 76 адамдан коронавирус аныкталып, 57 адам каза болду.

 

Бөлүшүү