Бир суткада 12 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

Автор -

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

• Бишкек ш. – 4
• Ош ш. – 1
• Нарын облусунда – 6
• Ош облусунда – 1

Ал эми сутка ичинде 3 медкызматкер стационардан айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 362 учур катталды, алардын ичинен 252 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Бөлүшүү