Армениянын премьер-министри Никол Пашинян үй-бүлөсү менен чогуу коронавирус инфекциясын жуктуруп алды. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасында түз эфир учурунда айтты.
«Мен өзүмдө эч кандай белгилер жок болсо дагы, коронавирус инфекциясына тест тапшырып коюуну чечкем. Тесттин жыйынтыгы оору бар экенин көрсөттү. Андан кийин менин үй-бүлө мүчөлөрүм текшерүүдөн өтүштү, тилекке каршы, алардан да коронавирус инфекциясы аныкталды», — деген Пашинян.
Ал өзүн жакшы эле сезип жатканын, үйдөн иштей берерин айткан. Ал ошондой эле вирусту сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү учурунда жугузуп алганын болжолдоду.
«Столго стакандарды коюп жаткан официанттын кол кабы жок болчу. Мен ага эскертүү берип, башка стакандарды алып келүүнү сурангам. Менимче, официант мурун да ошондой кылса керек. Бир нече убактан кийин андан да коронавирус табылды», — деп билдирген өкмөт башчы.
Арменияда коронавирус инфекциясы жалпы 9 миң 282 адамдан аныкталды. 131 адам каза болсо, 3 миң 386 бейтап айыгып чыкты.